Сүрөттөрдүн Улуттук конкурстун эрежеси

Сүрөттөрдүн Улуттук Конкурсу  – 2019

«Кыялдан. Топто. Максатыңа жет!»

  1. ЖАЛПЫ ЖОБО

1.1.  Ушул Жобо (мындан ары – Жобо) «Акча маселеси – маанилүү маселе» темасына арналган сүрөттөрдүн Улуттук Конкурсунун тартибин жана аны өткөрүүнүн шарттарын аныктайт.

1.2.  Конкурс Бүткүл Дүйнөлүк Акча – 2019 (Global Money Week-2019) жумалыгынын алкагында өткөрүлөт.  Конкурстун Уюштуруучусу болуп  «Бай Түшүм» Банкы ЖАК жана Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы эсептелет.

1.3. Конкурстун башкы демөөрчүсү: «Бай Түшүм» Банкы

1.4. Конкурс жыл сайын өтүүчү эл аралык кампаниянын – Бүткүл Дүйнөлүк Акча – 2019 (Global Money Week-2019) жумалыгынын алкагында  өткөрүлүүдө. Анын негизги максаты жаштардын жана балдардын көңүлүн финансылык билим алууга жана финансылык сабаттуулукка буруу болуп эсептелет. 2019-жылы Бүткүл Дүйнөлүк Акча жумалыгы  «Оку. Иштеп акча тап. Топто» аталышы менен  8-апрелден 12-апрелге чейинки убакыт аралыгында болуп өтөт.

Сүрөттөр конкурсунун темасы  «Кыялдан. Топто. Максатыңа жет!»

  1. КОНКУРСТУН МАКСАТЫ ЖАНА ТЕМАЛАРЫ

2.1. Конкурс балдардын жана жаштардын финансылык сабаттуулук деңгээлин көтөрүү максатында жана алардын көңүлүн акча каражатын башкара билүүгө окуунун жана өз алдына максат коюунун, келечекке финансылык мерчемдерди иштеп чыгуунун зарылдыгына буруу максатында өткөрүлүүдө.

2.2. Сүрөттөр төмөндөгү суроолорду ачып берүүгө тийиш:

  • Кыялды орундатуу үчүн  кантип акча топтоо керек?
  •     Менин сактоолугум –  менин мүмкүнчүлүгүм!
  • Өз максатыңа жетүү үчүн кантип акча топтоо керек?
  • Кыялыңды ишке ашыруу үчүн кантип акча иштеп табуу керек?

 

  • Биздин жашообуздагы финансылык пландоо жана сактоолук.
  • Билгичтик менен чыгымдоо – ийгиликтин өбөлгөсү.

III. КОНКУРСТУН КАТЫШУУЧУЛАРЫ

3.1.  Конкурс  Кыргыз Республикасынын билим берүүчү мекемелериндеги  7 жаштан 17 жашка чейинки  окуучулардын арасында, төмөндөгү категориялар боюнча өткөрүлөт:

– 1- категория – 7-10 жаштагылар;

– 2- категория – 11-14 жаштагылар;

– 3- категория – 15-17 жаштагылар.

3.2. Конкурста өзүнчө номинациялар жана сыйлык байгелери бөлүнүшү мүмкүн.

  1. КОНКУРСТУН ТАРТИБИ ЖАНА ӨТКӨРҮҮНҮН МӨӨНӨТТӨРҮ

4.1. Конкурс 2019 жылдын 11 мартынан  10 апрелине чейин өткөрүлөт.

4.2.  Катышуучулардын иштери:  http://gmw.baitushum.kg  дареги боюнча Интернет-галереясында 11- марттан 10- апрелге чейин жайгаштырылат.

4.3. Сүрөт иштери катышуучулар тарабынан сайтка 10-апрелде 17.00гө чейин (мындан кеч эмес) жайгаштырылат же 9-апрелден|12.00ден, кеч эмес убакытта конкурстун уюштуруучуларына, «Бай Түшүм» банкынын кеңселерине жөнөтүлүүгө тийиш. Конкурстун уюштуруучуларынын кеңселерине жөнөтүлгөн сүрөттөр бир иш күнүнүн аралыгында, бирок 2019-жылдын 10-апрелинен кеч эмес убакытта жайгаштырылат.

Сүрөттүн авторунун аты, фамилиясы, атасынын аты, (аты-жөнү) туулган жылы, жашаган дареги, мектебинин номуру жана баланын, анын ата-энесинин байланыш номурлары.

Сүрөттөр «Бай Түшүм» банкынын бардык кеңселеринде кабыл алынат. Кеңселердин дареги жана байланыш номурлары мына бул жерде жайгашкан: http://www.baitushum.kg/ru/branches/

  1. КОНКУРСТУН ЖЮРИСИ ЖАНА СҮРӨТТӨРДҮ БААЛООНУН КРИТЕРИЙЛЕРИ

5.1.  Сүрөттөрдү тандоо этаптар боюнча жүргүзүлөт:

I этап. Онлайн-добуш берүү – http://gmw.baitushum.kg . сайтында жүргүзүлөт. Добуш берүү –2019-ж. 10 апрелде аяктайт.  Онлайн- добуш берүү өзгөчө популярдуу болгон элүүгө (50) чейинки сүрөттөрдү аныктайт.

II этап. Сүрөт жеңүүчүлөрүн акыркы тандоо көз карандысыз комиссия (жюри)  тарабынан 2019-ж. 11-12-апрелде жүргүзүлөт.

III этап. Жеңүүчүлөрдү жарыялоо 2019-ж. 12-апрелде болот.  Жеңүүчүлөр Уюштуруучулардын сайтында жана социалдык тармактарда  жарыя кылынат.

IV этап. Байгелерди тапшыруу Бүткүл Дүйнөлүк Акча жумалыгы – 2019 жумалыгынын жабылуу аземинде болуп өтөт.

5.2.  Сүрөттөрдү баалоо учурунда чыгармачылык мамиле, ой жүгүртүүнүн оригиналдуулугу, теманын чагылдырылышы, түстүк айкалыштар эске алынат.

  1. СҮРӨТ ИШТЕРИН ЖАСАЛГАЛООГО КАРАТА КОЮЛУУЧУ ТАЛАПТАР

6.1.  Конкурстун катышуучулары сүрөт тартууну аткаруунун бардык техникасын колдонуу менен аткарылган сүрөттөрүн жиберишет. Сүрөттөр А4  жана А3 форматындагы сүрөт тартуу үчүн тыгыз ак кагазда тартылууга тийиш.

6.2. Сүрөттөр Интернет –галереяда: http://gmw.baitushum.kg.жайгаштырылат.

Сүрөттөрдү сайтка кантип жайгаштыруу керек:

1- кадам –  http://gmw.baitushum.kg. сайтына кирүү керек.

2- кадам –  Сайтта катталуу керек.

3- кадам. Сүрөттүн  jpeg, png. форматындагы скан- версиясын же фотосүрөтүн сайтка жайгаштыруу керек. Сүрөттүн өлчөмү 1 Мб. Көп болбоого тийиш. Сүрөттүн туурасы 2000 px. көп болбоого тийиш.

6.3. Конкурстун катышуучулары жөнөткөн сүрөттөр сайттын Модераторлору тарабынан колдоо тапкандан кийин, Интернет-галереяда жарыяланат. Конкурска башкалар тарабынан тартылган сүрөттөрдүн көчүрмөлөрү, сапаты начар иштер, автордун жаш курагына туура келбеген жана автору жөнүндөгү маалыматтар толук эмес болгон иштер, кайсы бир социалдык топтордун ар-намысына шек келтирген жана эомбулук учурларды чагылдырган иштер кабыл алынбайт.

6.4.  Конкурска көрсөтүлгөн иштер ушул Жобонун талаптарына туура келбеген учурда кабыл алынбайт жана четке кагылат.

VII.  АВТОРДУК УКУК

7.1.  Бардык укуктар сүрөттөрдүн авторлоруна таандык. Уюштуруучулар конкурска көрсөтүлгөн иштерди ЖМКларда жана социалдык тармактарда жана башка басма сөз каражаттарында жарыялоо, публикацияларда жана жарнамаларда, ошондой эле көргөзмөлөрдө пайдалануу укугун өзүндө калтырат. Конкурска иштерин көрсөтүү менен автор конкурстун шарттары менен макул экендигин бекемдейт.

VIII. КОНКУРСТУН ЖЫЙЫНТЫГЫН ЧЫГАРУУ ЖАНА КАТЫШУУЧУЛАРДЫ СЫЙЛОО

8.1. Жаш курактары боюнча 3 категория боюнча жеңүүчүлөр «Бай Түшүм» банкында депозит ачууга сертификаттар менен сыйланышат.

Биринчи орун –6 000 сом суммасына сертификат

Экинчи орун – 4 000 сом суммасына сертификат

Үчүнчү орун – 2 500 сом суммасына сертификат

Сыйлоочу байгелер жана өзүнчө номинациялар жюри тарабынан аныкталат. Сыйлоочу байгелердин саны 20 даана.

8.2. Конкурстун жыйынтыгы жюринин мүчөлөрү тарабынан бекитилет.

8.3. Конкурстун ар бир этабынын жыйынтыгы жөнүндөгү маалымат уюштуруучулардын расмий сайттарында жана социалдык баракчаларында жайгаштырылат.

8.4.  Уюштуруучулар сыйлыктарды тапшыруунун убактысы жана дареги жөнүндө www.bautushum.kg  сайтында маалымат беришет.

Маалымат алуу үчүн телефондор: 0 (312) 905 805, (0770) 905 805

Конкурстук материалдарды берүүнүн акыркы мөөнөтү –

2019– жылдын 10- апрели, саат –17.00.